7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы 12 млн сомдук мыйзамсыз товарды аныктады

248

Салык кызматы 12 млн сомдон ашык суммадагы биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду.

Тактап айтканда, «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө продукцияны кол жүгү катары алып келген адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз импорт фактысы аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында «ENYIDA» аталышындагы 4 400 таңгак биологиялык активдүү кошулмалар табылган. Алдын ала эсептөө боюнча продукциянын жалпы суммасы 12 млн сомдон ашат.

Салык кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүп, продукция убактылуу тартып алынды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

249