7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө батир берилди

337

Ош шаарындагы дагы бир үч эмдин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлады.

Шаардагы Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берүү учурунда аталган конуштун жашоочусу, жети балалуу баатыр эне Элмира Сулайманкулова үч эм балдары Асан, Үсөн, Батма менен шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге жолуккан. Ал буга чейин эки жолу эгиз балалуу, андан кийин үч эмдүү болгонун айткан.

Калаа башчысы эл алдында үч эмге шаардан батир белекке берүүнү убадалаган. Бүгүн мэр убадасын аткарып, балдарды жана ата-энесин кабыл алып, үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.

338