7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

318

Бүгүн, 27-мартта, президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалым болгондой, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланды.

Мамлекет башчылар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы чыңдоого берилгендигин ырасташты.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча пикир алмашышты.

319