7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балбан кыз Нурзат Нуртаева дүйнө чемпиону болду

133

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Балбан кыз 72 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдык айлампадан баштаган.

Алгач Германиялык балбанды утуп, андан соң чейрек финалда россиялык атаандашын жеңген.
Жарым финалда Нуртаева чоңдор арасындагы 2024-жылдагы Азия чемпионун – япониялык спортчуну – 6:3 эсебинде жеңди.

Ал эми алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу 2024-жылдагы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону, АКШнын спортчусу Жасмин Робинсон менен таймашты.

Биринчи бөлүктө Нурзат Нуртаева 1:0 эсебинде алдыга чыккан, бирок экинчи бөлүктө 3:10 эсебинде утулуп жаткан. Ага карабастан, беттештин соңуна чейин күрөшүп, жыйынтыгында атаандашын 11:10 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду.

Муну менен Нурзат Нуртаева 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпиону наамын алган экинчи кыргызстандык балбан кыз болду. Биринчиси 2021-жылы Айпери Медет кызы болгон.

134