7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

16 адамга мыйзамсыз жол менен жарандык берилген

294

Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берип жүргөн кылмыштуу схема аныкталды.

Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун кызматкери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы кылмыштуу макулдашууга кирип, пара алып чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «Кыргыз Республикасынын аймагында туулган» деп жасалма сот чечимдерин системалуу түрдө берип турушкан.

Натыйжада 16 адамга кылмыштуу жол менен Кыргызстандын жарандыгын беришкен.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

295