7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

16 жаштагы өспүрүмдү поезд сүзүп кеткен

1033

Жамбыл облусунда 16 жаштагы өспүрүм темир жолдо каза болду. Бул тууралуу Спутник Казакстан жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык Боранды станциясына жакын жерде болгон.

«Ал күнүгө рельстен өтүп, үй жылытуу үчүн отун терип жүргөн. Өспүрүм темир жолдун ортосунда бара жатканда аны поезд сүзүп кеткен. ЖМКлардын маалыматына караганда, өспүрүм кырсык учурунда наушник тагынган. Дарыгерлер төрт саат бою анын өмүрү үчүн күрөшүп, бирок алган жараатынан улам каза болду»,- деп берилет маалыматта.

«Поездин айдоочусу токтотууга аракет кылган, бирок кырсыкты алдын ала алган эмес. Облус тургундарын темир жолдон өтүү эрежелерин сактап, балдарына да үйрөтүүнү суранабыз», — деген Боранды станциясындагы тармактык милиция бөлүмүнүн начальниги Шамил Керимбаев.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1034