7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта мамлекеттик бюджетке ири зыян келтирген 3 кызматкер кармалды 

18

Таласта спорттук оюндарын өткөрүүгө берилген каражатка имарат сатып алган мамлекеттик кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы жайында «Мен чемпионмун» спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына 17 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.
Бирок, жогоруда айтылган сумманын негизги бөлүгү 12 миллион сом Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан кийинчерээк облустук дене тарбия жана спорт департаменти үчүн административдик имарат катары колдонуу үчүн турак жай имаратын сатып алууга жумшалган.

Мындан тышкары, жогоруда аталган турак жай имаратын баалоо Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э.нин жардамы менен атайылап 12 миллион 343 миң сомго ашыкча бааланган.

Белгилей кетсек, көз карандысыз баалоо боюнча, аталган турак жай имаратынын орточо базар баасы 7 миллион сомду түзөт. Натыйжада, мамлекеттин кызыкчылыгына 4 миллион сомдон ашык өзгөчө ири зыян келтирилген.

Буга байланыштуу Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б. жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында башка катышуучуларды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

19