7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо И.Арабаев мектебине кошумча корпус курулууда

333

Нарын облусунун Кочкор районунда И.Арабаев атындагы мектепке кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 261 миллион сомго бааланган.

«Объект “Т” формасында салынып, 500 орунга ылайыкталган. Жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзгөн мектеп үч кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. 

Объекттин курулушу 2023-жылдын ноябрь айында башталган. Азыркы тапта курулуш 70 пайызга аткарылды», — делет маалыматта.

 

334