7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Көтөрүлгөн маселелерди кийинки курултайга чейин чечүүгө аракет кылабыз»

144

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелерди кийинки форумга чейин чечүүгө аракет кыла турганын билдирди. Бул тууралуу ал 26-декабрда курултайдын жыйынтыгын чыгарып жатып айтты.

Президент бардык сунуштарды кыска мөөнөттө толук аткаруу мүмкүн эмес экенин, бирок көтөрүлгөн темалардын 70-80 пайызын ишке ашыруу реалдуу экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ал 150 делегаттын баарынын кайрылуусун жеке өзү жазып алган.

«Мындан тышкары, ар бир сөз жазылган стенограмма жүргүзүлдү. Кийинчерээк мага электрондук варианты берилет. Мен эки документти тең салыштырып чыгып, бүгүн кечинде министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө, президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, акимдерге жана айыл өкмөттөргө жөнөтөм. Ар бири өз багыты боюнча ишке киришет», — деди Садыр Жапаров.

145