7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Шайлоого катышууну милдеттендирген мыйзам кабыл алуу зарыл

265

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 70 пайыз эл катышат деген үмүтүм бар эле, бирок 37 пайызга жетпеген шайлоочу катышты. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, аралыктан добуш берүүдө 5 эле мүнөт убакыт коротуп, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү болгону менен эл пассивдүүлүгүн көрсөттү.

“Мурунку шайлоолорго караганда 200 миңге эле көбүрөөк шайлоочу катышты. Эл аябай пассивдүүбүз дагы, анан депутаттарды сындасак кыйын сындайбыз. Добушун саткандар шайлоого активдүү катышып, ал эми добушун сатпагандар пассивдүү болуп, шайлоого барбай коюшат экен. Ошондуктан, шайлоого катышууга милдеттендирген мыйзам кабыл алуу зарылдыгын депутаттарга өткөндө айттым”, — деди президент.

Ал ошондой эле кийинки шайлоону Эстониянын практикасын колдонуп интернет аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү пландаганын бирок, мындай кылууга эрте экенин белгиледи.

“Эстониянын практикасын колдонуп интернет аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү пландаганбыз. Бирок, бизге аны киргизүү эрте экен. Мында добушун сатып алган талапкерлердин үгүтчүлөрү бир айылды түшкө чейин эле кыдырып, шайлатып койчудай экен ойлоп көрсөм. Ошондуктан, бизге андай ыкманы колдонууга эрте экен”, — деди Жапаров.

266