Өлкө боюнча 57 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери үчүн бирдиктүү атайын форма тигилүүдө.
Транспорт министрлиги кабарлагандай, төрт мезгилге ылайыкталган үч түрдөгү форма даярдалат. Учурда кышкы кийимдер даярдалып, биринчи кезекте алыскы ашууларда жана суук аймактарда иштеген жолчуларга жеткирилүүдө.
Жаңы формалар жылуу жана ыңгайлуу болуу менен катар, түнкүсүн көрүнүүнү жакшыртуучу жарык кайтаргыч элементтер менен жабдылган.



