Ысык-Көл облусунда туризмди, жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча жаңы долбоор ишке ашырылат. Демилгени Ага Хан фонду менен Данвит фонду биргеликте жүргүзөт.
Фонддун маалыматына ылайык, долбоор Каракол шаарын, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун айрым конуштарын камтыйт.
RISE Issyk-Kul демилгеси жергиликтүү тургундардын, өзгөчө аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ишкерликти өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган.
2026-жылы коомчулуктун муктаждыктары аныкталып, практикалык чечимдер сыноодон өткөрүлөт. Ал эми 2027–2029-жылдары узак мөөнөттүү программа ишке ашырылат.



