7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев: Курулуш объектисиндеги мыйзам бузуулар боюнча толук чаралар көрүлөт

213

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы бир катар курулуш объектилерин текшерди.

Текшерүү учурунда «Аалам Строй» ЖЧКсына таандык Анкара көчөсүндөгү турак жай комплексинин ондон ашык блогунун ар биринде бир катар курулуш мыйзамдары жана техникалык коопсуздук эржелери бузулгандыгы аныкталды. Ошондой эле, аталган компания объектинин курулуш этаптарын жеке лабораториялардан өткөргөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары курулуш объектисиндеги блоктордун мыйзамсыз үлүш ээлерине пайдаланууга берилгендиги аныкталды.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн «Аалам Строй» ЖЧКсына карата комплекстин ондон ашык блогунун ар бири боюнча айып пулдар салынып, тиешелүү протоколдор түзүлдү. Ошондой эле, курулуш иштери токтотулуп, компаниянын лицензиясын токтотуу маселеси комиссиянын отурумунда каралат. Мындан сырткары, министр объектидеги курулуштун сапатын Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун лабораториясынан өткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми лабораториянын жыйынтыгы боюнча өзүнчө чаралар көрүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында министр Нурдан Орунтаев министрликке караштуу мекемелердин жооптуу кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.

214