7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө өспүрүмдү уурдап, денесине залал келтирген шектүүлөр кармалды

229

Чүй облусунда адам уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январда жаран арыз менен кайрылып, 2008-жылы туулган кызын чала тааныш адамдар күч колдонуп унаага салып кетишкенин билдирген. Алар өспүрүмдүн денесине курч нерсе менен сайып, муунтуп, өмүрүнө коркунуч келтиришкен. Кийин кызды Чүй айылында жайгашкан «Жаннат» мейманканасынын жанына таштап кетишкен.

Бул факт боюнча материал каттоого алынып, «Адамды уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

230