7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүрөт академиясынын жатаканасы оңдолот

16

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев күн мурун Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына барды.

Мамлекеттик катчы Улуттук академиянын учурдагы абалы, билим берүү процесси жана көркөм өнөр тармагын мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча кеңири пикир алышты. Айрыкча, академияны өнүктүрүү жолдору, сүрөт өнөрүнүн ролу жана анын маданияттагы орду талкууланды. Ошондой эле өнөрдү коомго жайылтуу жана анын тарбиялык маанисин арттыруу зарылдыгы белгиленди.

Жаш таланттарды тарбиялоо өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы позитивдүү имиджин түзүүдөгү маанилүү багыттардын бири экендиги баса белгиленди.

Арслан Койчиев академиядагы бир катар көйгөйлөргө да токтолду. Атап айтканда, студенттик жатакананы кеңейтүү жана капиталдык оңдоо зарылдыгы белгиленди. Учурда жатакана чет өлкөдөн келген студенттер үчүн эл аралык стандарттарга толук жооп бербейт, бул студенттик алмашуу программаларын ишке ашырууда белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратат. Жолугушууда бир катар чет мамлекеттер тарабынан студенттерди алмашуу боюнча сунуштар түшкөнү да маалымдалды. Бул багытта тиешелүү шарттарды жакшыртуу зарылдыгы баса белгиленди.

Жыйынтыгында мамлекеттик катчы көтөрүлгөн бардык маселелер мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

17