7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чубак ажынын элесине арналган Куран жарыш: Баш байгеге 3 унаа берилди

343

Манас шаарында белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды.

2 күн бою өткөн Куран сынагында башкалардан айырмаланып, озуп чыккан ар бир категориянын баш байге ээлерине 3 унаа ыйгарылды.

Жеңүүчүлөр:

10 пара боюнча I орун — Укаша Жамалдинов (Spark унаасы);
20 пара боюнча I орун — Муса Мирбеков (Avante унаасы);
30 пара боюнча I орун — Давуд Абдыкадыров (Toyota Venza унаасы).

Калган конкурсанттарга акчалай сыйлыктар жана умра сапарына жолдомолор берилди. Ошондой эле жалпы катышуучуларга дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Муфтий Абдилазиз Закиров өз сөзүндө Куран жарышын жогорку деңгээлде уюштурган уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, Куранга кызмат кылуу эң улуу иш экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал мындай иш-чаралар жаш муунду тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

344