Шаар мэри Айбек Жунушалиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча айлана-чөйрө маселелери боюнча практика менеджери Гаяне Минасян менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, анда тараптар “Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Бишкекте ишке ашырылып жаткан учурдагы демилгелерди талкуулашты. Атап айтканда, “Жашыл алкак” концепциясын иштеп чыгуу, турак жай секторунда жылуулук насосторун пилоттук негизде киргизүү, ошондой эле башка экологиялык иш-чаралар жөнүндө сөз болду.
Шаар башчысы эко-технологиялык заводду куруу жана иштетүү, “Бишкек жылуулук электр борбору”, “Бишкекжылуулук тармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” ишканаларынын ишин модернизациялоо, Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын нугун тазалоо, ошондой эле Муниципалдык инспекция тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.
Ошол эле учурда мэр бүгүнкү күндө шаарды көрктөндүрүү үчүн 50 миң көчөт келип түшкөнүн белгиледи.
“Биздин кызматташтыгыбыз абанын сапатын практикалык жактан жакшыртууга гана эмес, Бишкекти жашыл жана экологиялык жактан туруктуу шаар катары таанытууга да оң таасирин тийгизет деп ишенем”, — деди Айбек Жунушалиев.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну улантууга үмүт артышты.



