19-апрель Чыйырчык ашуусунан 36 жаштагы айдоочу автокырсыка кабылып, каза болду. Ал айдап бараткан «Хонда Степвагон» унаасынын ичиндеги 5 жүргүнчү түрдүү жаркат алып, оруканага түшкөн. Бул маалыматты Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев тастыктады.
Кырсык 19-апрель күнү саат 17:00 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Чыйырчык ашуусунда болгон. Алай районунун 1985-жылы туулган тургуну Ш.Д. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып рулду башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен.
Айдоочу 36 жаштагы Алай районунун тургуну Ш.Д. алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр түрдүү жаракаттар менен Алай райондук ооруканасына жеткирилген.
Алар Алай районунун тургундары — 1996-жылы туулган Ж.уулу А., 1997-жылы туулган Д.А., 1960-жылы туулган Н.З., 1980-жылы туулган М.Н., 1967-жылы туулган К.Б. жана Ош шаарынын1984-жылы туулган тургун С.Н.
Бул кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, азыркы убакта тергөө иштери жүргүзүлүүдө.