7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Эрулан Кокуловго: Майда-чүйдө маселени көтөрүп уят болуп жатсаңар, эл кантип сыйлайт

122

Жогорку Кеңеште депутат Эрулан Кокулов эл өкүлдөрүнүн кадыр-баркы түшүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Эл өкүлүнүн айтымында, айрым министрлер депутаттарга тоготпогон мамиле жасап, кээ бир учурларда аларды кабыл алуу бөлмөлөрүндө күттүрүп коюп жатышат.

«Биз министрлерге өзүбүздүн жеке маселебиз менен эмес, элдин көйгөйү менен барабыз», — деди Эрулан Көкүлов.

Буга жооп иретинде мамлекет башчысы депутаттык кадыр-барк, биринчи кезекте, эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турумунан жана көтөргөн маселелеринин деңгээлинен көз каранды экенин белгиледи.

“Депутаттын кадырынын түшүшү министрлерден же менден эмес, сиздердин өзүңүздөрдөн көз каранды. Кадыр-баркты депутаттар өздөрү эле түшүрүп жатышат. Эгерде сиздер майда-чүйдө маселелерди көтөрүп, эл алдында болор-болбос нерселер менен уят болуп жатсаңыздар, анда эл сиздерди кантип сыйлайт? Кадыр-баркты ишиңиздер жана деңгээлиңиздер менен көтөрүшүңүздөр керек”, — деп билдирди Садыр Жапаров.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

123