7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

17 тоннадан ашык кургатылган жемиштердин контрабандасы кармалды

591

17 тоннадан ашык кургатылган жемиштердин контрабандасы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Баткен райондук сотунун санкциясынын негизинде, КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте, Баткен районунда жайгашкан “Н.М.А.” таандык жеке жайына тинтүү жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда Ош облусунун тургуну “Ю.С.Э” аттуу жарандын башкаруусундагы «Volvo-FN» жүк ташуучу унаа кармалып, ичинен жалпы салмагы 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер табылган.

Такталган боюнча, кургатылган мөмө-жемиштер мамлекеттик чек арадан сырткары жерлер аркылуу коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталды.

Аталган унаа жүгү менен тергөө иш-аракеттери аяктаганга чейин КР УКМКнын Достук чек ара постуна жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.
Учурда, бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана актыга катышкан адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592