Россия Федерациясы учуучу автоунаа жасоого киришти, деп билдирет РИА маалымат булагы.
Маалыматка ылайык, перспективдүү инновациялык учуучу аэромобилдик циклдик кыймалдаткычы менен жасала турган «Циклокар» 360° бат кыймылда болуп, көлөмү боюнча чакан унаалардын катарын толуктайт .
«Циклокардын биринчи протатиби электр энергиясы жардамы менен жүргүзүлүп, 2022-жылы чыгарууну пландоодобуз», — деп жазылат маалыматта.
Учуучу автоунаа 600 килограмм жүктү же жүргүнчүнү көтөрө алат. Бул долбоордун башкы аткаруучусу болуп Россия илимдер академиясынын теплофизиктер институту болуп эсептелет.