7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

17 жаштагы айдоочу кайгуул кызматынан качып баратып бир нече унааларды сүзүп кете берген

792

Бишкекте 17 жаштагы айдоочу Милициянын кайгуул кызматынан качып, бир нече унааны сүзгөн.

Маалыматка ылайык, 2-октябрда Буденный көчөсү менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Stepwgn унаасы жол эрежесин бузгандыгы үчүн кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган.

Документтерди текшерүү учурунда айдоочу кызматкерлерге баш ийбей унаасы менен качып жөнөгөн. Жолдо качып бара жатып Салиев жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унааны сүзгөндүгүнө карабай андан ары да качып жөнөгөн.

Кызматкерлер артынан кууп, Лермантов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун астынан унааны кысып токтотушкан. Бирок айдоочу ошол жерде да кайгуул кызматынын унаасын сүзүп, андан ары качууну уланткан. Акыры ал Кой-Таш айылынан кармалып, айдоочу 17 жаштагы Ж.Э. экендиги аныкталган.

Жашы жете элек өспүрүм болгондуктан туугандары чакыртылып, аларга өткөрүлүп берилген. Ал эми жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынып, унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

793