Бүгүн, 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын тапшырды.
Белгилей кетсек, 40 даана техника — мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынды, ага 128 млн сом жумшалды. Ал эми, калган 23 даана техника – эл аралык институттардын колдоосу менен алынды. Атайын техникалар Айыл чарба министрлигинин райондук суу чарба башкармалыктарына берилет.
Адылбек Касымалиев Президенттин жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан тармактын жаңы техникалуу болушу менен куттуктап, өлкө жетекчилиги ирригацияга өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик колдоону ар тараптан жогорулатып келе жатканын белгиледи.
2026-жылга чейин 5 270 гектар аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу пландалууда. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2030-жылга чейин мындай системаларды 200 миң гектар жерге киргизүү милдети коюлган.




