7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектен 700 окуучу «алтын балалык» ден соолукту чыңдоо лагерине эс алууга жөнөтүлдү

21

2026-жылдын 30-июнунан 9-июлуна чейин Бишкек шаарындагы муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуган 700 окуучу жайкы эс алуусун «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо лагеринде өткөрөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Рахат Мусаева балдарды узатып, аларга кызыктуу, активдүү жана коопсуз эс алуу, жаңы досторду табууну, жагымдуу таасирлерди жана унутулгус жайкы каникулду каалады.

Лагерге 9 жаштан 15 жашка чейинки балдар жөнөтүлдү. Алардын катарында социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар, окуунун отличниктери, мектептин коомдук турмушуна активдүү катышкан окуучулар, ошондой эле ар кандай интеллектуалдык, чыгармачылык сынактардын жана спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү бар.

Балдарды ташуу үчүн коопсуздук талаптарына жооп берген 17 ыңгайлуу автобус тартылды. Жол жүрүү учурунда автобустар кербенин уюштуруучулардын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери коштоп, балдардын эс алуу жайына коопсуз жеткирилишин камсыздашат.

Он күндүн ичинде окуучуларды спорттук мелдештер, чыгармачылык сынактар, интеллектуалдык оюндар, маданий иш-чаралар, экскурсиялар жана ар түрдүү өнүктүрүүчү сабактарды камтыган мазмундуу программа күтөт. Ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыздоого, ден соолугун чыңдоого жана толук кандуу эс алуусун уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат.

22