Баңгизат сатууга аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы салмагы 18 килограммдан ашык болгон баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1959-жылы туулган К.Г.Г. жана 1968-жылы туулган Н.Н.М. аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышты.
Ушул жылдын 27-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана ошол эле күнү шектүүлөргө УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, Ош облусу боюнча башкармалыктын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram