7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

19-20-августта Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

563

2021-жылдын 19-20-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул туралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышат.

Жыйынга байкоочу катары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын Премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышышат. Ошондой эле, өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген форматта өтөт.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздандырууну колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564