7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Афганистандан Кыргызстандын 9 жараны мекенине алынып келинди

911

Афганистандан Кыргызстандын 9 жараны мекенине эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Афганистандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу  ТИМи КРнын Афганистан Ислам Республикасындагы элчилиги менен биргеликте Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда», — деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 17-августуна карата элчиликтин жардамы менен КРнын 9 жараны мекенине эвакуацияланды.

«Калган бардык жарандар коопсуз жайда турат, азыркы учурда аларды КРнын Кабулдагы дипломатиялык миссиясынын имаратына жайгаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасына виза алуу жана эвакуациялык жардам сурап кайрылган этникалык кыргыздар деп эсептелгендер боюнча маалымат текшерилүүдө»,-деп айтылат ТИМдин маалыматында.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

912