Жалал-Абадда аскердик милдетин аткарып жүргөн аскер, өзүнүн төшүнө ок чыгарып, ооруканага түштү. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алдын ала маалымат боюнча, М.Ж. кызмат өтөгүсү келбегендиктен өзүн-өзү атып жиберген.
Бул тууралуу маалыматты Чек ара кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, М.Ж. аттуу жоокер №2027 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин аткарып жүргөн. Ноокен аймактык ооруканада дарыланууда. Бейтаптын жанында энеси бар экендиги айтылат.
“Аталган окуя боюнча Аскер прокуратурасы, укук коргоо орандары жана жоокердин жакындары маалымдалган. Окуя боюнча иликтөө жүрүүдө. М.Ж. кызмат өтөгүсү келбегендиктен аскер бөлүгүнүн психологунун байкоосунда болгон”, — деп айтылат маалыматта.