Бүгүн, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 5 каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
«Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 172-чакырымыда (Кубакы ашуусу) жүргүнчү ташуучу Мерседес-Бенс-Спринтер (KG081ASV) менен Ман (04KG974ADG) үлгүлөрүндөгү унаалары кагышып кеткен. Жүргүнчү ташуучу унаада болжол менен 15 адам болгон, анын ичинен 5 адам каза болуп (2 эркек, 3 аял), 10 адам жабыркады. Каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда»-деп жазылат.
Жерине куткаруучулар тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүүдө.