Ысык-Көлдүн Тоң району жана Балыкчы шаарынын аймагындагы акваториясынан жалпы узундугу 800 метрди түзгөн 8 эски балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, торлор браконьерликтин алдын алуу жана суу биоресурстарын коргоо максатында өткөрүлгөн рейд учурунда алынган.
Министрлик Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу багытындагы рейддер улантыларын белгиледи.



