Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кызыл-Ой айылындагы Түркмөн орто мектебинин өрттөн жабыркаган корпусунун ордуна жаңы имарат куруу пландалууда.
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Элкинбек Аширбаев курулуш үчүн бөлүнгөн жер тилкесин көрүп, тиешелүү документтерди тез арада даярдоону тапшырды.
Эске салсак, 19-ноябрда мектептин ашканасы, китепканасы, бала бакчасы жана күрөш залы жайгашкан корпус өрттөнүп кеткен. Андан улам окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо убактылуу токтогон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



