Умрага барууну пландаган жарандар билетти “Умра” тиркемеси аркылуу билет сатып алышы керек.
Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов “ Кабар” агенттигине билдирди.
“Тиркеме аркылуу фирманы тандап алса болот. Тиркеме менен катталып кетсе, биз кайсы жаран кайсы фирма аркылуу кеткени тууралуу маалым болобуз. Эртеңки күнү күтүлбөгөн окуялар болуп калса, чара көргөнгө жеңил болот”, — деди ал.
Ошондой эле ажылык сапарын уюштуруу үчүн “Ажылык” тиркемеси да иштей турганы белгиледи.



