Жогорку Кеңеш жолдо мушташкан айдоочуларга карата жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, депутаттардын сунушуна ылайык, мындай аракет үчүн биринчи жолу 10 миң сом айып пул салуу, ал эми алты ай ичинде кайра кайталанса, айдоочулук күбөлүктөн алты айга ажыратуу каралууда.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыяр Калпаевдин айтымында, өзгөртүүлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана айдоочулар арасындагы агрессивдүү жүрүм-турумдун алдын алууга багытталган.



