Манас шаарында Кыргыз-Россия Славян университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Шаар мэриясынын маалыматка ылайык, жолугушууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, облустук өкүлдүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, мэр Уларбек Исмаилов жана университеттин ректору Сергей Волков катышты.
Тараптар филиалды ачуу үчүн ылайыктуу жер тилкесин жана имаратты тандоо, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу маселелерин карашты.
Белгилей кетсек, университетке 2026-жылдын 30-сентябрына карата 3 миң 782 абитуриент кабыл алынган. Алардын 289у Жалал-Абад облусунун тургундары.



