7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миңдеген үлүш ээлери күткөн “Кудайберген” турак жайынын курулушу жанданды

3

Бишкек шаарындагы көп жылдан бери курулушу токтоп турган “Кудайберген” турак жай комплексинде курулуш иштери кайра жанданды. Учурда объектте 220дан ашык жумушчу эмгектенүүдө.

Курулуш министрлиги кабарлагандай, комплекстеги 10 үйдүн айрымдарында кабаттарды куруу жана пайдубал тургузуу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, “Дөөлөт Курулуш” компаниясынын курулуштары бир нече жыл токтоп, миңдеген үлүш ээлери батирлерин ала албай келишкен. 2026-жылдын февраль айында компаниянын 99 пайыздык үлүшү Курулуш министрлигине караштуу “Курулуш дирекциясына” өткөрүлүп берилген. Ал эми курулуш иштери 1-сентябрда кайра башталган.

 

 

4