Жыл башынан бери бажы органдары 20 миң 594 мыйзам бузууну аныктады. Кошумча бюджетке түшкөн киреше болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.
Бул тууралуу 26-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын жыйынында айтылды.
Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Урмат Назирдиновдун маалыматына караганда, учурда бажы бекеттериндеги иштер кадимки тартипте жүрүп жатат.
25-ноябрда “Торугарт” өткөрүү пунктунан экспорт багытында 546 бош жүк ташуучу унаа чыгып, импорт багытында 651 унаа кирген. Ноябрь айында бул бекет аркылуу жалпы 14 миң 939 жүк ташуучу унаа өткөн.
26-ноябрда саат 9:00гө карата “Кара-Булак” бекетинде электрондук кезекте 1500 унаа турган. Ал эми күн сайын болжол менен 500 унаа текшерүүдөн өтөт.



