Ош облусунда чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма уруксат кагаздарын даярдап берип жүргөн эки аскер кызматкери кармалды.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош чек ара отрядынын кызматкерлери жарандарга 1 миңден 4 миң сомго чейин акча алып, жасалма уруксат кагаздарын системалуу түрдө даярдап беришкен.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 25-ноябрында Ж.у.Б. жана И.З.М. аттуу аскер кызматкерлери кармалып, гауптвахтага камакка алынган.
Учурда алардын мыйзамсыз аракеттеринин башка фактыларын жана кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
УКМК чек ара аймагына кирүүгө уруксат алуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзамда белгиленген тартипте кайрылуу керектигин эскертти.



