Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурманбетов айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда таштанды төгүүчү жайда калдыктар өрттөлүп жатканы аныкталган. Мындан улам атмосферага зыяндуу газдар бөлүнүп чыгып, айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына коркунуч жаралган.
Аталган мыйзам бузууларга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жооптуу өкүлдөрүнө эскертүүлөр берилип, административдик чаралар көрүлгөн.
Министрликтин маалыматына караганда, көрүлгөн чаралардын натыйжасында аймак таштандылардан тазаланып, жайдын айланасы иретке келтирилди.



