7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев ишкерлер менен инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

2

 Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес: ачык диалог” форумуна катышуунун алкагында ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукту.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул иш-чара экономиканын энергетикадан баштап электрондук коммерцияга чейинки дээрлик бардык негизги тармактарынын өкүлдөрүн бириктгенин белгиледи. Мындан тышкары, форумга Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Башкы прокуратуранын, ошондой эле тармактык министрликтердин, салык жана бажы кызматтарынын, Жер ресурстары боюнча агенттиктин жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

«Президент 21-октябрда өткөн улуттук кеңешмеде чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн жылына кеминде 20 пайызга көбөйтүү максатын койду. Бүгүнкү жолугушууга Жогорку соттун төрагасы  чакырылганы өзгөчө мааниге ээ. Инвестор үчүн капиталдын коопсуздугу, жеке менчиктин кол тийбестиги, келишимдик милдеттенмелердин аткарылышы жана сот аркылуу адилеттүү корголуу — эң башкы шарттар болуп саналат. Инвестор кайсы мамлекеттик органга кайрылбасын, ал жерден ырааттуу, кесипкөй мамилени жана келип чыккан маселелердин ыкчам чечилишин көрүшү керек», — деди ал.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 422,9 миллиард сомго жеткенин белгиледи. Эгер 2020-жылы негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 123 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткич 374,6 миллиард сомго жеткен. 2020-жылдан 2025-жылга чейин өлкөгө 5,9 миллиард доллар өлчөмүндөгү түз чет өлкөлүк инвестиция тартылган. Акыркы үч жылдын ичинде жалпы суммасы 11,8 миллиард долларды түзгөн 88 инвестициялык келишимге кол коюлду. Быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 12 миллиард доллардан ашып, 13,3%га өстү.

“Биздин стратегиялык максатыбыз — Кыргызстанды өндүрүш жана логистика боюнча аймактык борборго айландыруу, ошондой эле аны дүйнөлүк нарк чынжырларына интеграциялоо. Кыргызстанды ички суроо-талабы чектелүү рынок катары гана эмес, ири аймактык рынокторго чыгуу үчүн өндүрүштүк база катары караңыздар. Биз ар тараптуу инвестициялык экосистеманы түзүүнү көздөп жатабыз. Инвесторлорго каржылоо, инфраструктура, квалификациялуу жумушчу күчү, санариптик кызматтар жана бекем укуктук коргоо зарыл”, — деген МинКаб Төрагасы, инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттарга кайра иштетүү өнөр жайы, “жашыл” энергетика, агротехнология, финансылык технологиялар, маалымат борборлору жана жогорку кошумча нарк жаратуучу туризм сыяктуу тармактар кирерин кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Башкы прокурордун биринчи орун басары Чыңгыз Ахматов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жана Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев сөз сүйлөштү.

Форумдун алкагында бизнес коомчулуктун өкүлдөрү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жер маселелери, салык, келишимдик милдеттенмелер, банктык каржылоо, жеңилдетилген каржылоо жана башка багыттар боюнча суроолорду беришти.

Жыйындын соңунда МинКаб Төрагасы бир катар тапшырмаларды берди. Алардын катарында: ар бир мамлекеттик органда жана жергиликтүү бийлик органында инвестиция тартууга жооптуу жетекчилерди аныктап, алардын ишин конкреттүү натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (KPI) боюнча баалоо; 2027–2030-жылдарга инвестициялык стратегияны жана аны ишке ашыруу программасын даярдоону тездетүү; инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана кайра инвестициялоого шарт түзүү боюнча иштерди күчөтүү; Башкы прокуратура менен биргеликте инвестициялык прокурор институтун пилоттук негизде киргизүү маселесин иштеп чыгуу; инвестициялык макулдашуулар боюнча мамлекет өзүнө алган милдеттенмелерди так жана өз мөөнөтүндө аткарууга тийиш.

3