Бишкек мэриясы Сокулук районундагы Белек айылынын жанында Улуттук ат спорту комплексинин курулушун баштоого киришти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Долбоордун жалпы аянты 114 гектарды түзөт. Анда 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром жана көк бөрү мелдештерин өткөрүү үчүн 25 миң орундуу арена куруу каралган.
Долбоор менен тааныштырган мэр Айбек Жунушалиев инженердик инфраструктураны пландаштырууда жакынкы айылдардын да керектөөлөрүн эске алууну тапшырды.
Анын айтымында, комплекстин курулушун бир жарым жылдын ичинде аяктоо пландалууда. Объект долбоордо каралган архитектуралык жана техникалык чечимдерге ылайык ишке ашырылат.



