7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө бензин жана дизель отунунун кору жыл аягына чейин жетет

11

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногундагы күйүүчү-майлоочу материалдарга байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйын өткөрдү. 

Отурумдун күн тартибине кирген маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилеринин баяндамалары угулду. 

Анда негизинен буга чейин министрлер кабинети тарабынан берилген экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, элди күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жаатындагы субсидиялардын берилиши сыяктуу тапшырмалардын аткарылышы каралды. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата мунай ташыгандардын, «Жунда» ЖЧКнын, «Кыргызнефтегаз» ААКтын кампаларында жана учурда ташуу процессинде тургандарды кошо алганда – бензиндин жана  дизел отунунун кору жыл аягына чейин жетиштүү экени маалымдалды. 

Адылбек Касымалиев отурумдун жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга ортодогу айырманы субсидиялоо ишин улантууну жана бул тармактагы мамлекеттик колдоо көрсөтүү жол-жобосун кайрадан карап чыгуу, ички рынокту бензин менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо маселелери жана экспорт-импортко байланыштуу иштер боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 

Мамлекет жылына болжол менен 1,400 миллиондон 1,850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт.

12