Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылык сапарынын наркы 5800 доллар болуп бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Муфтияттын маалыматына ылайык, баанын жогорулашына негизги себептердин бири – Мекке шаарындагы зыяратчыларды жайгаштыруу маселеси.
Буга чейин кыргызстандык ажыларга вакф мекемелери тарабынан мейманканалар акысыз бөлүнүп келген. Бирок бул жылы аталган мейманканалар ар кайсы аймактарда жайгашкандыктан, зыяратчыларды бирдей тейлөө, жардам көрсөтүү жана уюштуруу иштеринде кыйынчылыктар жаралган. Мындан тышкары, алардын шарттары да талаптарга толук жооп берген эмес.
«Ушуга байланыштуу быйыл ажыларды акы төлөнүүчү мейманканаларга жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Натыйжада бардык зыяратчылар бир аймакта, бири-бирине жакын жайгашып, аларды тейлөө жана зарыл учурда жардам көрсөтүү жеңилдейт», — деп айтылат маалыматта.
Муфтият ажылыктын наркынын жогорулашына ушул жагдайлар негизги себептердин бири болгонун белгиледи.



