Манас шаарына караштуу Төш-Кутчу айылындагы жайыт жана кунарсыз жерлерди жашылдандыруу максатында 1 200 түп бадам жана мисте көчөтү отургузулду.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, көчөт отургузуу иштери «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлдү. Жалпы 7 гектар жер аянтын көрктөндүрүү демилгесин жеке ишкер Уланбек Жороев көтөргөн.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Белгилей кетсек, аталган аймактагы дагы бир нече гектар жерге ишкерлер менен биргеликте көчөт отургузуу пландалууда.



