7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореялык ишкерлер үчүн Кыргызстанда атайын колдоо терезеси иштей баштады

9

Кыргызстанда кореялык ишкерлерди колдоо боюнча Консультативдик кеңештин жыйыны өтүп, кореялык бизнес үчүн атайын Korean Desk терезеси ачылды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Жыйынга агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванг Дже жана кореялык бизнес өкүлдөрү катышты.

Тараптар өнөр жай, энергетика, IT, жасалма интеллект, агроөнөр жай, медицина жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Равшанбек Сабиров Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, стратегиялык долбоорлору жана инвесторлорго көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо тууралуу маалымат берип, кореялык инвестицияларды тартууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана заманбап технологияларды киргизүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле Сеулда өткөн ”Корея – Борбордук Азия“ саммити жана бизнес-саммит эки тараптуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканы айтылды.

10