Ысык-Көлдүн Түргөн капчыгайында козукарын терип жүрүп 65 жаштагы киши жоголгондугу тууралуу маалымат 16-августта кабарланган. Алар 4 адам 1 аял, 3 эркек болгон. Ак-Суу районундагы Түркөй капчыгайынын “Тихая вода” тилкесинде козу карын терип жүрүп, 1956-жылы туулган кишини таппай калышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде издөө ишине 15 куткаруучу тартылып, жоголгон жарандын жансыз денеси бүгүн, 17-августта табылгандыгын кабарлады.