19-апрелден 21-апрелге чейин Бишкектин айрым жерлеринде жаратылыш газын берүү убактылуу тототулат. Бул тууралуу бүгүн, Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Алар; Путепроводная, Виноградная, М. Ауэзов көчөлөрүндө жана «Тунгуч» кичирайону.
Ошондой эле, REEMSTMA, «Алтын-Ажыдаар», «Курулуш тетиктер комбинаты», «Пекарня», «Жанар» ишканаларына газ берүү убактылуу токтотулат.
Токтотуулар «Алтын-Ордо» конушуна газ тутүктөрүн жеткирүү ишине байланыштуу. Мындан сырткары техникалык коопсуздук үчүн Ч. Валиханов жана Анкара көчөлөрүндө газдын басымы азайтылат.