Бүгүн, 19-ноябрь Эл аралык эркектер күнү.
Маалыматка ылайык, эркектер күнү алгачкы жолу 1999-жылы Тринидад жана Тобагодо белгиленген. Кийинчерээк бул майрам Австралияда, Кариб деңизинде, Түндүк Америка, Европада майрамдалып, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ээ болгон.
Бул майрамдын максаты эркек кишилердин үй-бүлөдөгү ролун жана балдарды тарбиялоонун маанилүүлүгүн аныктоодо эркектер менен гендердик дискриминацияга көңүл буруу. Ошондой эле эркек балдардын социалдык, эмоционалдык, физикалык жана рухий жыргалчылыгына байланыштуу алардын ден-соолугуна кам көрүү, көңүл буруу.
Учурда бул күн майрам катары АКШ, Улуу Британия, Канада, Дания, Кытай жана Өзбекстанда , жалпы 80ден ашык өлкөдө белгиленет.