Токмок шаарында 19 жыл мурун дайынсыз жоголгон Шерзат Турдиевди издөө уланууда. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Т.З. аттуу аял киши милицияга кайрылып, 2004-жылдын 11-мартында 1974-жылы туулган Шерзат Турдиев аттуу агасы Токмок шаарынын Дунларов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин билдирген.
Белгилери: бою 175-180 см, чачы кара, орто дене түзүлүштө, кой көз.
Өзгөчө белгилери: алдыдагы үстүңкү үч тиши сары металдан коюлган, далысында калы жана сол колунда операциядан кийинки тагы бар.
Шерзат Турдиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, 0312 607-363, 03138 6-31-02, 0707 419-141, 0999 777-902 номерлерине байлынышсаңыздар болот.