7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2,5 жылда 200гө жакын жаңы мектеп курулду

236

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Зарбалик айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты.

Мектеп 375 орунга эсептелген, мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн.

«Мектептин ар бир ачылышы кубанычтуу окуя. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 200гө жакын мектеп ачылган. Кара-Суу районунда 13 авариялык мектеп бар болчу, анын бирин бүгүн ачып жатабыз, дагы 3 мектептин курулушу бүттү, жакында ачылат. Бул жаңы мектеп 375 орунга ылайыкталган, бюджеттен 148,5 млн сом бөлүнгөн. Компьютерлери жетишсиз болгон мектептердин 2%ынын арасында Зарбалик айылындагы мектеп бар. Бүгүнкү күндө бул маселе да чечилип, мектепте 25 компьютер, интерактивдүү доска, заманбап воркаут аянтчасы, актовый зал бар. Бул заманбап мектеп, шарты боюнча борбордогу мектептерден кем калышпайт. Мен дайыма чыгаан жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун: “Мектеп – таланттуу мугалим менен таланттуу окуучунун жолуккан жери” деген сөздү кайталап келем. Билим гана бийиктикке жете алат. Биз балдарыбыз жаңы заманбап мектептерде окуп жатып сапаттуу билим алышын, чет тилдерин билишин каалайбыз», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз сөзүндө ошондой эле өткөн жылы Кара-Суу районунда 22 мектепте жана 8 бала бакчада курулуш иштери жүргүзүлгөнүн жүргүзүлгөнүн, 14 жаңы социалдык объектилер ачылганын белгиледи.

237