Жыл башынан бери 2 ай ичинде 116,9 тонна бал экспорттолгон. Бул тууралуу мамлекеттик ветеринария, фитосанитария жана тамак аш коопсуздугу инспекциясы билдирет.
Мындан сырткары 2419- баш жылкы, 389,2 тонна балык жана деңиз азыктары, 5577 тонна сүт азыктары экспорттолгон.
Ушул эле 2 ай аралыгында өлкөгө ташылып келген товарлар
— жумуртка — 21 088 160 даана,
— балык жана деңиз азыктары— 1132,2 тонна,
— ири бодо мал — 14899 баш,
— канаттуу куш эти — 6258,6 тонна,
— балык азыгы — 462,7 тонна.